• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков Түркиянын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

11 Бирдин айы 2020 19:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча үстүбүздөгү жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти.

Телефондук сүйлөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайип Эрдоган үстүбүздөгү жылы Түркияда боло турган   Төртүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча даярдык маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 65