Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Мамлекет башчысынын резервдик фондунан оор турмуштук абалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген бир катар коммерциялык эмес уюмдарга каржылык колдоо көрсөтүү үчүн каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020- жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгы менен жергиликтүү деңгээлде кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо системасын кеңейтүү каралган.
Оор турмуштук абалга кабылган балдарга билим берүү, социалдык жана реабилитациялык кызмат көрсөткөн ондогон балдар уюмдарынын ар бирине 100 миң сом суммасында колдоо көрсөтүлдү.