• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков: Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болду

17 Жалган куран 2019 14:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков: Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болду

«Тарыхыбызда Аксы окуясы акыйкаттык үчүн күрөштүн башаты болду», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде.
Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликке гүлчамбар коюлду.
Мамлекет башчысы 17 жыл мурда Аксы эли коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканын белгиледи.
«Бийлик адилеттик үчүн чыккан мекендештерибиздин жолун тороп, өз элине ок атты. Алты адамдын кырчындай өмүрү кыйылды. Көптөгөн адамдар жаракат алышты. Узакка созулган саясий ачкачылыктан дагы бир жараныбыз көз жумду. Бирок, атылган ок элибиздин эркин сындыра алган жок. Тескерисинче, эркиндик үчүн күрөштү күчөтүп, коомду ойготту, элди чыйралтты. Элдик нааразылыктын накта себептери жаап-жашырылып, жалган маалыматтар таратылса да, чындык элге жетти», — деди Президент.
Ал баса белгилегендей, аксылыктардын жалындуу деми, болоттой бекем эрки элдин жүрөгүнөн орун тапты. Күч-кайрат берди. Адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачты. Адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болуп калды. Адам укуктарын коргоого багытталган эң ири элдик акция катары тарыхта калды. Кийинки элдик эки революцияга дем, дух берди.
«Эркиндикти туу туткан элибиз эч качан авторитардык — үй-бүлөлүк башкарууга жол бербестигин далилдеди. Элдин эркиндиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын курман кылууга даяр эл экенибиз дүйнөгө маалым болду. 2002-жылдын 17-мартында болгон окуялардын тарыхый мааниси мына ушунда», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 14