• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Тажикстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

14 Жалган куран 2019 18:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 14-мартта, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти.

Мындан бир аз мурдараак эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мененТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 13-мартында саат 15:30да Кожогар аймагында Кыргызстандын Баткен облусунун Аксай айылынын Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Кыргызстанда жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавынан өтчү Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу.

Количество просмотров: 12