• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жээнбеков: Менин сөзүм өлкөдөгү абалга таасирин тийгизиши мүмкүн

11 Чын куран 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып добушун берди. Жээнбеков добуш берип чыккан соң, журналисттердин суроосуна жооп берип, эмне үчүн коомчулукка ачык маек бербей жатканынын түшүндүргөн.

“Жеке менин дарегиме бир катар сындар, сөздөр айтылып жатат. Толтура каралоолор да болууда. Мен баарын окуп, угуп, баарын анализдеп отурам. Албетте менин да айта турган бир топ сөзүм бар. Бирок бир нерсени унутпашыбыз керек: өлкөдө саясий абал эми гана турукташууда. Мен ошол саясий абалды курчутпоо максатында ар кайсы саясатчылар менен полемикага кирбей, өзүмдү кармап турам. Менин сөз сүйлөшүм өлкөдөгү абалга таасири тийиши мүмкүн. Анткени менин сөзүмдөн саясат жасап, абалды курчутууга аракет кылгандар сөзсүз табылат. Мен буга шарт түзүп бергим келбейт. Дүйнөдө жана өлкөбүздө коронавирустун айынын экономикалык кризис болууда. Башка көйгөй да көп. Өлкө жетекчилиги колунан келген аракетин кылып жатат. Ошондуктан баарыбыз күчүбүздү саясатка эмес, жаратмандыкка жумшайлы”, — деп сөзүн жыйынтыктаган экс-президент.

Количество просмотров: 69