Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду берген арызына ылайык кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кадыркулов Идрис Анарбекович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Эске салсак, бүгүн УКМКнын төрагасы отставкага кетүү тууралуу арызын жазган. Идирис Кадыркулов Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине козголгон ишке байланыштуу, коомдук пикирден улам иштен кетип жатканын маалымдаган.