• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Өзбекстандын президентин туулган күнү менен куттуктады

24 Теке 2020 15:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын канааттануу менен белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жандандыруу жөнүндө талкуулашты.

«Президенттер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин канааттануу менен белгилешип, ошондой эле мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын карашты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 40