• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков: Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек

4 Жетинин айы 2019 18:17 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-ноябрда, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өлкөнүн жарандарынын жол жана коомдук коопсуздугун жогорулатуу чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы эксперттик жумушчу топко аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирди. Патрулдук милиция системасындагы бош орундарга ачык-айкын конкурс өткөрүп, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо зарылдыгына көңүл бурду.

Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Патрулдук милициянын кесипкөйлүк, физикалык жана психологиялык даярдыгына көңүл буруп, долбоорду топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен мындан ары ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи.

Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов Патрулдук милициянын ишмердиги «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу менен тыгыз байланышта болорун билдирди.

Эске салсак, бир жыл мурда, 2018-жылдын ноябрында президент Сооронбай Жээнбековго жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча Стратегия, Бишкек шаарында Патрулдук милиция түзүү пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы сунушталып, президент аны жактырган.

Өткөн жумада Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте Патрулдук милиция иштей баштады.

Количество просмотров: 120