• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков, Зулпукаров жана Оторбаевдин камактагы мөөнөтү узарды

24 Аяк оона 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында калды. Мындай чечимди бүгүн, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ал эми сот отуруму болуп жатканда сыртта тарапташтары алардын бошотулушун талап кылып, саясатчылардын тарапташтары турушту.

Депутаттар Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу 2021-жылдын май айында камалган. Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаевди УКМК 16-сентябрда кармаган.

Количество просмотров: 308