Талас районунун Арал айылынын тургундары Равшан Жээнбековду абактан бошотуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо талабы менен митингге чыгышты.
Чогулгандар жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекс менен Кылмыш-жаза кодексинин тандалма иштеп, айрым адамдарга карата колдонулуп жатканына колдоочулар нааразы. Жана алар Жээнбековду абактан бошотуу талабын келтиришкен.
Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок «үй камагынын талаптарын бузду» деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.
Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди.
Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган.