• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жээнбековду колдоо митингине анын бир тууганы келди

18 Кулжа 2021 10:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн карап жатат. Сот отурумун судья Ирина Воронцова алып барууда. Жактоочу Давран Касымовдун айтымында, Жээнбеков сот отурумуна алынып келген жок. Андан тышкары сот отурумун онлайн өткөрүү өтүнүчү четке кагылды.

Ага байланыштуу жактоочу судьяны алмаштырууну суранды.

Соттук коллегия кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Ал эми соттун имаратынын алдында Төрөбай Зулпукаровдун жана Асылбек Жээнбековдун тарапташтары чогулуп, аларды абактан чыгарууну талап кылышууда.

Количество просмотров: 4106