• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбековдун кайненеси Жапаров менен Ташиевге кайрылды (видео)

29 Бугу 2023 13:40 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын апасы Рахим Алимбаева президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду.

Рахима Алимбаева өз кайрылуусунда ырайым кылып, кызын жана күйөө баласын камактан бошотууну суранды.

«Мен Баатыр энемин, сегиз баланы тарбияладым. Аларды окутуп-чоңойттум. Азыр 90 жашка келдим. 90 жашка келип, жакшылыгын көрөм деп турганда, ыйлап отурам. Күйөө балам Равшан, андан кийин кызым камалды. Кыргызстанда мындай жашоо болгон эмес эле. Менин кызым саясатка аралашкан жок», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук соту Салкынай Алимбаеваны 24-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча айып тагылган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча өткөн жылдын октябрь айында кармалган.

Количество просмотров: 136