• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбековдун кеңешчиси Азыранкулов Атамбаевге кошулду

1 Теке 20199:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов барды. Бул тууралуу коомдук активист Адиль Турдукулов фейсбук баракчасына жазды.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2289170201337555&set=a.1379976828923568&type=3&theater

Ал эми айрым ММК маалыматына ылайык, Азыранкулов Атамбаевге колдоосун билдирип, Кой-Ташка келген себебин акыркы кезде мыйзамсыздык болуп жатканы менен түшүндүргөн.

«Баары мыйзам чегинде болушу керек. Азыр элдин нааразылыгын көрүп жатабыз. Мен 2006-жылдан бери КСДПнын мүчөсүмүн. Биз бир команда элек», — деген ал.

Азыранкулов быйыл апрелде эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кошумчалаган.

Эске салсак, Айбек Азыранкулов былтыр 27-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган. Ал 2009-2010-жылдарда парламент депутаты болгон. 2010-2013-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин да жетектеген.

Атамбаев кечке жуук чогулгандардын алдына чыгып, Азыранкуловдун келгенине кубанып турганын билдирди.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден «экс-президент» деген макамды алып, кол тийбестиктен ажыраткан.

Количество просмотров: 41