• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбековдун кудасы Абжалиев бюджетке 50 млн сом которгон

8 Теке 202115:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлда Бишкек шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анда коррупция менен күрөшүү иштерин белгилеп, мыйзамсыз баюу айыбы менен кармалып, мамлекеттин бюджетине миллиондогон каражаттарды төлөп берген мурунку саясатчыларды атады.

Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев да бар. К.Ташиевдин маалыматы боюнча, ал бюджетке 50 млн сом которгон.

5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өтүп, ага ушул жылдын январь айында Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган депутат Алиярбек Абжалиев да катышкан. Абжалиев УКМКнын эсебине 20 млн сом которгонун 28-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген болчу.

Ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

Количество просмотров: 119