«Республика — Ата Журт» партиясы 20-декабрда съезд өкөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
«Бүгүнкү күндө фракция лидерин алмаштыруу маселеси күн тартибинде жок. Бирок фракциянын ар бир мүчөсү жетекчиликке шайлоону демилгелеп, бул маселени күн тартибине койгонго укугу бар»,-деп билдирди Жээнчороев.
Мындан сырткары, Жээнчороев Бабановдун саясаттан кеттим деген сөзү күчүндө экенин кошумчалады.