• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жеке ишкер Талас облусуна 2 тез жардам унаасын белек кылды

11 Чын куран 202016:41 Бишкек Govori.TV

Талас району менен Бакай-Ата районуна жеке ишкер 2 тез жардам унаасын белек кылды.

Маалым болгондой, ишкер Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын тургуну. Ал коронавирус менен күрөшүүгө салым кошуу үчүн тез жардам унаасын алып берүүнү чечкен.

«Бүгүн өзүбүздүн уулубуз Улан Сырдыбаев Талас району менен Бакай-Ата районуна тез жардам унаасын белекке берип жатат. Бул илдет менен күрөшүүдө бардык медициналык каражаттар өтө керектүү. Баарыбыздын атыбыздан ыраазычылык билдиребиз», — деди Талас облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Канымет Осмонбеков.

Количество просмотров: 170