• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жеке ишкерлер январдан тартып салык отчетторун электрондук түрдө тапшырат

11 Үчтүн айы 2022 17:24 Бишкек Govori.TV

Жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө тапшырууга өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди отчет тапшыруу үчүн Salyk.kg сайтынан «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга чакырат.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Количество просмотров: 281