• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жеке нотариустарга лицензия алуу татаалдашат

24 Бештин айы 2018 11:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.12.2018.Govori.TV

 Юстиция министрлиги жеке нотариустук кызматтарды көрсөтүү үчүн лицензия алуунун шарттарын татаалдатууну пландап жатат. 

Буйруктун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрликтен билдиришкендей, учурда мамлекеттик нотариус болууну каалагандар үч баскычтан турган экзаменден өтүшөт.

Алар: компьютердик тестирлөө, практикалык тапшырма жана маектешүү. Ошол эле учунда жеке нотариустар бир гана компьютердик тестирлөөнү өтөт. Андыктан, алардын кесипкөйлүгүн толугу менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөйт.

Мындан улам министрлик жеке нотариустук кызмат көрсөтүүнү каалагандарды дагы үч этаптык экзаменден өткөрүүнү демилгелеп жатат. 

Булак: Спутник

Количество просмотров: 6