• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жеке учак менен миллионерлер Кыргызстанга эмнеге келишти?

5 Бирдин айы 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

«Форбстун» тизмесиндеги айрым миллиардерлер биринчи жолу Кыргызстанга учуп келишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка карганда, 4-февраль күнү «Манас» аэропортуна жеке учактар конгон. Коштошуу зыйнатына маркумдун ишкер өнөктөштөрү — миллиардерлер Патох Шодиев, Александр Машкевич, Казакстандын мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлери келгени белгилүү болду.

Андан тышкары Казакстандын индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Казакстан парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулиндин атынан жазылган коштошуу каты окулган.

Кошумчалай кетсек, белгилүү казакстандык ишкер жана миллиардер, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Алижан Ибрагимовдун сөөгү 4-февралда Токмок шаарында жерге берилди. «Форбс» журналынын рейтинги боюнча Ибрагимов Казакстандагы байлардын тизмесинде 5-орунда.

Количество просмотров: 20516