• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жекшенкулов: Мигранттарга бир топ жеңилдиктер берилди

20 Чын куран 2020 19:10 Бишкек Govori.TV

Мигранттарга бир топ жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу  Бул тууралуу  бүгүн, 20-апрелде Govori.TVга Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди.

«Россия президенти Владимир Путин коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Россияда чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдетти. Алсак, чет өлкөлүктөрдү жумушка алууга уруксаты бар мекемелер бардык санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактаган учурда чет элдиктерге жумуш берүүгө укуктуу. Бул аралыкта Россияда жашоого жана иштөөгө уруксаты жок чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт»,-деп билдирди элчи.

Количество просмотров: 140