• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Желекти өзгөртүүдө эмнеге элден сурамжылоо жүргүзүлгөн эмес? Президенттин жообу

10 Бугу 2024 13:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда «Кабар» агенттигине маек берип, бир катар суроолорго жооп берген.

Мамлекет башчы желек өзгөрүп жатканда эмне үчүн элден сурамжылоо кылбаганына токтолгон.

 «Желек эми комуз эмес да. Желек тез-тез алмашып турган символ. Биздин кыргыз деген атыбыз беш миң жылдан бери жашап келет. Комузубуз дагы ошол мезгилден бери келатат. Желегибиз болсо далай жолу өзгөргөн. Дагы да мезгил талабына жараша өзгөрө берет. Мисалы өнүккөн өлкөлөрдү алалычы. Америка өз желегин 26 жолу өзгөрткөн. Испания, Венесуэла 8 жолу. Францияда желек саясий режимге карап алмашып турганы маалым. Эң негизгиси мен элибиздин тагдырына, мамлекетибиздин келечегине балта чапкан чечимдерди кабыл албасам болду. Андай чечимдерди кабыл алуудан алысмын. Ар бир чечимим жети эмес, жетимиш өлчөнүп, бир кесилет. Демек, менин ар бир саясий чечимимдин артында келечекте эл үчүн, мамлекет үчүн бир жакшылык же пайдасы бар бир нерсе жатат деп билсеңиздер болот. Ар бир чечимиме тарых өз баасын берет. Азыркы мезгилдеги чечимдериме келечекте кыргыз эли, келечек муундарыбыз “эң жакшы” деген баа бербесе дагы, “жакшы” деген баа берет деп терең ишенем»,-деп билдирген Жапаров.

Теги:
Количество просмотров: 155