• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Желекти өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробековго 70 миң сом айып салынды

1 Жетинин айы 202411:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ленин райондук соту кыргыз желегин өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова өз баракчасына жазды.

Райондук сот Афтандил Жоробековду КР Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга чакырыктар) менен айыптуу деп таап, ага 70 миң сом айып салган.

Сот чечими күчүнө киргиче анын бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого алмаштырылды.

Эң башкысы, Афтандил Жоробеков эркиндикте экени маанилүү экендигин «Кылым шамынын» жетечиси жазды.

Количество просмотров: 286