• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Желекти өзгөртүү сунушун референдумга алып чыгыш керекпи?

29 Жетинин айы 2023 13:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Парламенттин сайтына буга чейин мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган.

Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Бул демилге коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жаткан учурда депутат Дастан Жумабеков бул маселе боюнча референдум өткөрүү керектигин сунуштады.

«Желекти өзгөртүү сунушун референдумга алып чыгыш керекпи?» депутаттардын оюн уктук.

Количество просмотров: 183