• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жемкорлукка каршы күрөштө бюджетке канча акча түшкөнү айтылды

25 Бештин айы 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Коррупция менен күрөштүн жыйынтыгында 2020-жылдын октябрь айында бюджетке 8 миллиард сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Мамлекет башчы эл бир нече маселелерди чечүүнү талап кылгандыгын, анын ичинде бюджетти толтуруу бар экенин айтты.

«Мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү. 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомго жакын каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды. Жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш улантылат жана абдан күчөтүлөт. Коррупция бул – чоң социалдык коркунуч. Мамлекеттин укуругу узун! Эгер карапайым калктын бир тыйындан чогулган казнасынан жедиби – он эселеп кайтарат»,-деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Күн тартибинде Министрлер кабинетинин 2021-жылы аткарылган иштери жөнүндө отчету жана Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чараларынын планы каралууда.

Количество просмотров: 229