• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

“Женгонун” сабалганы боюнча прокуратура териштирүү баштады

26 Бирдин айы 2021 13:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Аскер прокуратурасы “Женго” каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досоновту сабоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, денесине залал келтирүү фактысы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 18-февралда катталган.

Эскерте кетсек, республиканын түштүк аймагын караган Досонов 2021-жылы 11-февралда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө каршы аракет кылуунун алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абак жайына киргизилген.

Мындан мурда Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор УКМКнын тергөө абак жайында отурган Досонов жана башкаларга келишкен. Ал жерде К.Досонов укук коргоочуларга УКМКнын атайын даярдыктагы кызматкерлери тарабынан сабалгандыгы тууралуу айтып берген.

Количество просмотров: 257