Талас облусунда жайгашкан Жерүй кенин казууда келишим боюнча Кыргызстандын үлүшү жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Кең байлыктарды лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Кубатбек Үсөнов билдирди.
Анын айтымында, “Альянс Алтын” ишканасына лицензия 2035-жылдын август айына чейин берилген.
«Востокгеолдобычанын” алдында “Альянс Алтын” ишканасы лицензияны 2015-жылы конкурстун негизинде комиссиянын чечими менен утуп алган. Учурда Жерүйдү иштетүү аракеттери жүрүп жатат. Толук курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын декабрь айында аяктайт. Бирок келишимде мамлекеттин үлүшү жок»,-деп билдирди Үсөнов.
Мындан сырткары, Үсөнов бүгүнкү күндө Жерүйдө 105 тонна алтын жана 30 тонна күмүш запасы бар экенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, Таласта жайгашкан Жерүй кени 1969-жылы ачылган. Чалгындоо ишинен кийин кенде 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери өкмөт бул кенди ачууга бир нече жолу аракет кылган. Бирок ушу күнгө чейин долбоор ишке аша элек. 1992-жылдан бери Жерүйдү иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашкан.