• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы жер кодекси: ЖКнын алдына чогулгандар кол топтошту

20 Бирдин айы 202513:31 Бишкек Govori.TV

Президенттен Жер кодексинин жаңы редакциясына кол койбоону суранган мүлк ээлери Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, петицияга кол топтошту.

Чогулгандар, бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышканын айтышып, Садыр Жапаровдон документке кол койбоону суранышууда. Алардын айтымында, аталган документте бир катар пикир келишпестиктер бар.

Эске салсак, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынган.

Количество просмотров: 251