Бүгүн, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды.
Бул мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери таризделген жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттарды менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган.
Бүгүн жыйында дачалардын маселеси талкуу жаратты. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берип, бирок вице-спикер Нурланбек Сыдыгалиев сунушту сунушун четке какты. Ал эми депутат Гуля Кожокулова дача ээлеринин баары эле дачалардын айыл статусуна өтүшүнө макул эместигин, чиновниктер эл менен иштеши керек экенин белгиледи.