• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Жер мунапысы. Мыйзамсыз курулган турак жай маселеси кандай чечилип жатат? (түз эфир)

30 Жалган куран 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Мыйзамдын максаты — жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо. Ага ылайык, жер-жерлерде райондук комиссиялар түзүлүп, жер тилкелерин менчикке которуунун мыйзамдуулугун териштирип жатышат. Кыргызстанда жер мунапысы алкагында дээрлик 29 миң гектар жер трансформация болгону жатат.

Учурда жер мунапысы тууралуу Govori.TV нын түз эфиринде, «мыйзамсыз курулган турак жай маселеси кандай чечилип жатат?»,- деген темада талкуу болуп жатат.

Майдандын катышуучулары:

Калича Үмүралиева «Биздин укук» коомдук фондунун жетекчиси

Адилет Расулов — Айыл чарба министрлигинин жаратылыш ресурстары башкармалыгынын башчысы

Мирбек Осмонов— Ак-Ордо 3 жаңы конушунун тургуну

Койчугул Ибраимов— Жеке турак жай курулушу департаментинин директору

Количество просмотров: 1399