• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Жер саткандар, эл саткандар, алтын саткандар жүрөт…»: Жапаров дебатка эмнеге келбей койгонун түшүндүрдү

6 Үчтүн айы 2021 22:01 Бишкек Govori.TV

«Теледебат эмес эле «Ушак-дебат» экен. Андыктан мени катыш деп кыйнабагыла! Атаандаштарымдын бир эле программасы бар экен, «Жапаровду жамандоо» деген…». Мындай пикирди Жапаров бүгүн Кара-Суулуктар менен жолугушуп, суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Мен мурунку теледебатка катышкан жокмун. Себеп дегенде, теледебат эмес эле, «Ушак-дебат» болуп кетиптир. Ал жерде акыйнек айтышууда. Ушак сүрүштүрүшүүдө… Атаандаштарым программаларын көрсөтүп, «ушуну мындай жол менен аткарам, реформа жасайм» десе, мен бармакмын. Үч саат алар менен ушак , жалган жалааларды териштирип убактымды кетиргенден көрө, айылдарга, райондорго барып, алардын проблемаларын укканым жакшы. Эл кыдырып, элге жакын болгонум пайда. Алар программаларын жок дегенде китепче кылып таратса болмок, ага аз эле акча кетет. Мейли акчалары жок экен, анда кичинекей китепче кылышсын да. Же теле аркылуу бир жолу окутуп койсо болот да. Программасын элге жеткире албаган ал кандай кандидат? Тилинен башка эч нерсе колунан келбеген кандидат менен кайым айтышууга барбай эле коеюн деп чечтим. Андыктан мени «теледебатка барып катышыӊыз» деп кыйнабагыла. Анткени алардын арасында жер саткандар, эл саткандар, алтын саткандар жүрөт», — деди ал.

Эске салсак, дебаттардын биринчи туру 29-декабрда өткөн. Ага Садыр Жапаровдон башка дагы бир талапкер Рашид Тагаев да келген эмес, бирок көп өтпөй ал шайлоо жарышынан четтей турганын жар салган.

Ал эми Жапаров тедебаттардын экинчи туруна да кайрадан келген жок. Дебаттардын экичи туру бүгүн, 6-январга белгиленип, Жапаровдон башка талапкерлер Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Курсан Асанов, Элдар Абакиров жана Аймен Касенов катышууда.

Ал эми Жапаров дебаттардын биринчи туруна катышпаганы менен ал башка талапкерлердин сынына кабылган. Айрыкча талапкер Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) аны онлайн катыштырууну сунуштаган, бирок КТРКдан буга «техникалык мүмкүнчүлүк жок» деп түшүндүрүшкөн.

Анын эртеси күнү өткөн дебатта талапкер Абдил Сегизбаев Жапаровдун Бакиевдердин үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу айтып, ага бир нече суроолорду узаткан.

Бул дебаттын видеосу КТРКнын ютуб каналынан өчүп калган. Бул коомчулукта сын пикирлер менен коштолгон. Бир катар талкуулардан соң БШК каналдын жетекчилигине видеону кайрадан ютуб серверине жайгаштыруу талабын айтып, дебат кайрадан жарыяланган.

Количество просмотров: 544