• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жердештерине таланган Момбековго Акаев болушту

24 Кулжа 2020 15:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун Талас облусунун Бакай-Ата районуна барып, жергиликтүү тургундан жеме укканы тууралуу депутат Жанар Акаев видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу видеону Акаев социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялды.

https://www.facebook.com/janar.akaev/videos/268080917613715/?v=268080917613715

Анын айтымында, аталган окуя депутат Рыскелди Момбековго атайы даярдалган.

«Таластка Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков барганда атайы даярдалган кишилердин чыр салганы, аны ошол эле күнү жергиликтүү мамлекеттик телеканалдар аркылуу жаман көрсөткөнү өтө кейиштүү көрүнүш. Мисалы, бүгүн Момбековго провокация болсо, эртең башка оппозиция өкүлдөрүнө мындан да жаман чагым болушу мүмкүн. Рыскелди Момбековго ызы-чуу салып, атайы видеого тартып, фейктер менен бир тараптуу жамандаганы ыплас ыкма. Саясатта мындай жол менен күрөшүү жигитчиликке жатпайт. 2008-жылы «Каркыра» жайлоосун казактарга берилишине каршы оппозиция Ысык-Көлдүн Түп районунда митинг өткөргөн. Анда бийлик «дүжүрлөрдү», «обончу аялдарды» оппозицияга каршы пайдаланган. Ошондуктан баардык бийлик өкүлдөрүнө эскертет элем чындыкты таамай айтып жаткандар менен мындай ыпылас деңгээлде күрөшпөгүлө. Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңешке келгенден бери карапайым жарандардын көйгөйүн көтөрүп жүрөт. Акыйкат издеген жүздөгөн адамдарга пайдасы тийди. Бийлиике жагалданбайт. Дайыма элдин үнүн коркпостон жеткирип турган саналуу депутаттардын бири. Мындай адамдарга «дүжүр» кишилерди колдонгонуңар өзүңөр үчүн деле абийир алып келбейт. Урматтуу таластык туугандар сиздер да өзүнүн күнүмдүк бийлигин ойлогондордун куралы болуп калбаңыздар!»,-деди Акаев.

Эске салсак, буга чейин депутат Рыскелди Момбековду Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну сындап, Момбеков экөө кайым айтышкандагы видео социалдык тармактарга тараган.

Количество просмотров: 1047