• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоого канча каражат сарпталат?

22 Бирдин айы 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү үчүн жалпы 425 млн 243 миң 500 сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Шайлоочулардын алдын ала тизмеси ушул жылдын 20-февралында 2 273 шайлоо участкасына илинди. Өлкө боюнча жалпы 3 млн 304 миң 485 (1 млн 580 миң 631и эркек), 1 млн 723 миң 854и аял) шайлоочу бар.

Кошумчалай кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. Жалпы 448 жергиликтүү кеңеш бар. Анын 420сы — айылдык кеңеш, 28и — шаардык кеңеш.

Количество просмотров: 92