• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: 39 партия 5119 талапкерди көрсөттү

9 Тогуздун айы 202412:33 Бишкек Govori.TV


Боршайкомдун билдирүүсү боюнча, шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Кыргызстандагы 33 шаардын депутаттары болуу үчүн 39 саясий партия талапкерлердин 188 тизмесин берген. Бул тизменин ичинен шаардык кеңештердеги 993 депутаттык мандат үчүн 5119 талапкер көрсөтүлгөн. Алардын 3281и эркек болсо, 1838 аялдар.

9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргондогу шайлоолорго катышса, 8 партия Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчыдагы шайлоолорго катышат. 3 партия Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлы-Суудан талапкерлерин депутат кылгысы келет.

Башка шаарларда төрттөн сегизге чейинки партиялардын талапкерлери шайлоодо ат салышат. Ошентип шайлоого жалпы 39 партия катышат.

Эми партияларга келсек, «Ынтымак» партиясы Жалал-Абаддан башка бардык шаарлардагы шайлоого катышат. «Жаңы Кыргызстан» 30 шаардагы шайлоого катышууга шайма-шай турат. Ал эми «Ишеним партиясы 15 шаардын шайлоосуна катышса, «Эмгек» 14 шаардын, «Адилет» партиясы 12 шаардын, «Социал-демократтар» 11 шаардын, «Бирге — Вместе» партиясы 9 шаардын, «Эл биримдиги» партиясы 8 шаардын, «Эл Үмүтү» 7 шаардын, «Ыйман нуру» 6 шаардын, «Мурас» 5 шаардын, «Мекендеш» 4 шаардын, калган партиялар да үч же эки шаардын шайлоолоруна катышууга даяр.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 18-октябрда аяктайт.

Количество просмотров: 130