• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жергиликтүү кеңештин депутаттары Манас шаарынын макамын өзгөртүүнү колдоду

25 Тогуздун айы 202513:38 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусундагы Манас шаарынын депутаттары 24-октябрда кезексиз жыйынга чогулду.

Анда бул шаардын облустук деңгээлдеги макамын республикалык кылып өзгөртүү сунушу колдоо тапты.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аталган шаардын макамы өзгөрөрүн билдирген. Ал 11-октябрда Манас шаары деген жазуунун расмий ачылышынын алдында бул калаа келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн айткан.

Количество просмотров: 147