Баткенде аткезчилик жол менен жүк ташуу дагы деле токтобой жатат. Аларды органда иштеген адамдар коргоп, бошотуп жатышат. Бул тууралуу Баткен облсунун тургуну социалдык тармактар аркылуу билдирди.
“Мына сиздер көргөндөй Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылда “Элдик кошуун” контрабанданы көзөмөлдөп кызмат кылып жатат. Бирок Баткенге Тажикстандан мыйзамсыз ар кандай товарлар, жүктөр келүүдө. Бул сиздер көрүп турган тажиктердин койлорун кармап, органда иштеген адамдарга өткөрүп берсек, эч нерсе кылбай, бошотуп жиберишти. Тактап айтканда биздин тиешелүү органдарда иштеген адамдар буларды коргоп жатышат. Андыктан биз бийлик өкүлдөрүнө кайрылабыз, буларга карата чара колдонуңуздар”, — дейт жергиликтүү тургундар.