• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Жетекчилик басым кылып жатат» деген «Кыргызтелекомдун» кызматкерлери Жапаровго кайрылышты

11 Бугу 2021 16:07 Бишкек Govori.TV

ААК «Кыргызтелеком» ишканасынын жетекчиси Алтынбек Токторбаев тарабынан Чүй бөлүмүнүн башчысына басым болуп жатат деген кызматкерлер нааразы кептерин айтып, президентке кайрылуу кылышты.

Кызматкерлери бүгүн маалымат жыйын берип, анда Чүй бөлүмүнүн учурдагы башкы директору Усан Жанузаковду иштен кетирүүгө каршы экендиктерин айтышты.

Кызматкерлердин бири Самат Мокеев РПОнун башчысына «Кыргызтелекомдун» жетекчилиги кысым көрсөтүп, кызматынан кетүүгө аргасыз болуп жатат деп эсептейт.

«Усан Жанузаков жөнөкөй инженерлик кесиптен баштап өзүнүн иш аракети, кесипкөйлүгү менен мекеменин жетекчилик кызматына өсүп жеткен киши. Ал радиоуктуруу, телекөрсөтүү тармагына көптөгөн салым кошкон», — деп кошумчалады ал.

Дагы бир кызматкер Тамерлан Сарбанов болсо башкы директордун ордуна сунушталган талапкерлер тарабынан эмитен эле телефон чалуулар болуп жатканын билдирди.

«Алар бизге чыкпагыла, себеби барибир жогорудагылар каалаган кишисин дайындайт деп айтышты. Жада калса жааматты да бөлүп жатышат», — дейт ал.

Акылбек Шеров белгилегендей, РМТР (радиорелейлик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу өндүрүштүк бирикмеси) өлкөнүн маалыматтык коопсуздугу менен алектенет жана Жанузаков өз милдетин так аткарып жатат. «Ал тажрыйбасы бар адам. Ал эми биздин уюм уникалдуу, филиалдарынын көпчүлүгү тоолордо жайгашкан», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, алар башкы директорду себепсиз эле жумуштан кетирип жатышкандыгын белгилешти. Ишкана киреше алып келсе дагы, пандемия учурунда да, чыгым болгон жок.

«Кызматкерлердин дээрлик 100% аны колдоп, кайрылууларын аймактардан жөнөтүшүп жатышат. Ал катардагы инженер болуп иштеп, башкы директорго чейин жеткен», — дешүүдө кызматкерлер.

Количество просмотров: 118