Кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Абакирдин Рысовдун байгесине арналган республикалык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спорттук иш-чара 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында өтүп, ага бардык аймактардан келген 88 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы байге фонду 40 миң сомду түздү.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
62 кг
75 кг
85 кг
+85 кг
Белгилей кетсек, аталган мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөр боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.