• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жети-Өгүздө жаңы балдар бакчасы курулууда

18 Бугу 202114:16 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы балдар бакчасы курулууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалымакта ылайык, курулуш иштери 2020-жылдын май айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуштун 70% бүткөрүлдү. Жаны мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттан туруп, 140 орунга ылайыкташкан.

Жалпы тендерлик баасы 55 млн 534 миң сом. Каржылоо толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан жүргүзүлүүдө. Жаңы бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Эске салсак, буга чейин Светлая Поляна айылына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан мектеп жана спорт зал курулуп берилген.

Количество просмотров: 105