• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан бир киши каза болду

27 Бештин айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Жети-Өгүз районунда жол кырсыгынан эркек киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Боконбаев-Каракол унаа жолунун 200-чакырымында (Шалба айылы) Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги бакты сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган Б.М. аттуу эркек киши каза болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенче ИИМ кызматкерлери маркумдун жансыз денесин чыгарып алышкан.

Количество просмотров: 78