• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Жети жаштагы баланын сөөгү каналдан табылды

4 Кулжа 201912:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир жумадан бери изделип жаткан жети жаштагы баланын сөөгү 3-июнь күнү Кайырма каналынан табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Белгилей кетсек, куткаруучуларга маалымат 27-май күнү саат 23.00дөрдө түшкөн. Ошондон бери уланган издөө иштерине 32 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан беш адам тартылган.

Натыйжада 3-июнь күнү саат 16.15те баланын сөөгү Папан айыл аймагынын Жаңы-Чек тилкесинде Кайырма каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлгөнү айтылды.

Количество просмотров: 22