• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Жетим баладай калып калдык». Орусиядан келе албай жаткан кыргыздар кайрылуу жасашты (видео)

3 Чын куран 2020 20:37 Бишкек Govori.TV

Орусиядан келе жаткан кыргыздар чек арада Кыргызстанга өтө албай калып калышкан. Бул тууралуу мигранттар өздөрү кабарлашты.

Алар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго, өкмөт башчыга жана эл өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту.

Алардын айтымында, жалпысынан 200дөй адам 16-марттан бери өтө албай Оргенбургдун Соль-Илецк шаарында чек арада калышкан.

«Биз бул жерде 16-марттан бери жатабыз, болгон жакка жазуу түрүндө да, видео кайрылуу да кылдык, майнап чыкпайт жатат. Бийликтен бир гана Казакстан менен сүйлөшүп, чек араны ачып берсе эле анан өзүбүз бири-бирибизди сүйрөсөк да жетип алмакпыз. Бизди күн сайын дарыгерлер текшерип жатышат, эч кимибизден эч кандай оору чыккан жок. Жарым айдан бери өзүбүздү, бири-бирибизди багып жатабыз, каражатыбыз деле калбай бара жатат. Бул жердеги бир кафеге сүйлөшүп, бекер жатып турганга уруксаат беришти, батпай калгандар унааларда уктап жатабыз. Арабызда жаш, картаң, үй бүлөлүлөр бар. Жетим баладай болуп калып калдык», — дешет алар.

Количество просмотров: 492