• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жетим балдарды мурастан ажыраткан. Бишкекте нотариуска иши козголду

9 Чын куран 2024 14:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте балдар жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Текшерүүдө, 2021-жылдын 18-октябрында Биринчи май районунун мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу тарабынан А.Э. аттуу жаран каза болгондон кийин, анын жашы жете элек 9 балдарынын ортосундагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мурастоо жөнүндө күбөлүктөрү берилип, бирдей бөлүштүрүлгөн.

Бирок, ошол эле күнү жетим балдардын камкорчусу Ж.Н. тарабынан мураска калтырылган мүлктү алдын-ала пайдасыз ыктыярдуу бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу түзүлүп, ага ылайык 3 томолой жетим жашы жете элек А.Д. (2004-ж. т.), А.А. (2007-ж.т.) жана А.М. (2012-ж.т.) мураска калтырылган мүлккө болгон укугунан толугу менен ажыратылышкан.

Ошону менен бирге, аталган макулдашууну нотариус тарабынан аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын макулдугусуз катталып, жогоруда аталган жетим балдардын мураска калтырылган мүлккө болгон укуктары бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Биринчи май РИИБдин тергөө кызматына тапшырылды.

Количество просмотров: 223