• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жездесин өлтүрүүгө шектелген өспүрүмгө кылмыш иши козголду

24 Чын куран 2023 16:41 Бишкек Govori.TV

Хатлон облусунун Балжуван райондук прокуратурасы жездесин өлтүрүүгө шектелген өспүрүмгө кылмыш ишин козгоду.

17 жаштагы өспүрүм мурдагы аялын мууздап салган жездесине кол салган.

Тажикстан ИИМинин маалыматына караганда, окуя 6-апрелде Сайфа Рахимзода Афарди жамаатында болгон.

39 жаштагы Абдулфайз Ходжаев аялы менен элдешүү үчүн кайын-журтуна барган. Бирок жубайы баш тарткандан кийин ага бир нече жолу бычак сайган. Кансыраган эжесин көргөн 17 жаштагы бала жездесинин колунан бычакты жулуп алып, ага кол салган.

Абдулфайз Хожаев менен анын мурдагы аялы ооруканага жетпей көз жумган.

Өспүрүмгө карата «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тажикстанда жыл сайын күйөөсү аялын өлтүргөн учурлар катталып турат. Алардын көбү үй-бүлөлүк жаңжалдан келип чыгат.

Количество просмотров: 109