• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Жигер” чыгармачылык борбору Бишкекте өнөрүн тартуулайт

29 Жалган куран 2019 9:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.03.2019. Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата өлкө аймагындагы чыгармачылык бирикмелердин ишмердүүлүгүн жайылтуу, бардык таланттуу жаштардын башын бириктирүү, ырыс-ынтымакта иш жүргүзүү, өнөр адамдарын ар тараптан колдоп, өнөрүн өнүктүрүү, өөрчүтүү максатында жаңы долбоордун үстүндө эмгектенип жатат.

Алгач, Ош шаарындагы “Жигер” чыгармачылык борборунун жаш таланттарын 1-2-3-апрель күндөрү Бишкек шаарына чакырып, поэзия күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулоону пландап жатабыз. Муну менен бирге жаш өнөрпоздордун ортосунда чыгармачылык пикир алмашуу, тыгыз кызматташуу, бул ишти андан ары бардык региондорго жайылтуу, эл арасындагы жаш акын-жазуучуларды колдоо, адабий жолугушуулар менен аймактарга баруу ж.б. маселелер боюнча жолугушуулар, талкуулар өткөрүлмөкчү.

Алгачкы күнү КРУЖСга төрага Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов жана Башкарма мүчөлөрү менен жолугушуу болот. Андан ары А.Осмоновдун үй музейине барып экскурция кылабыз. Түштөн кийин Ж.Баласагын атындагы КУУда “Жигер” чыгармачылык борборунун поэзия кечеси болот. Экинчи күндү Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып улуу жазуучубуз Ч.Айтматовго зыярат кылуу менен баштайбыз. Андан соң А.Токомбаевдин, И.Раззаковдун, Ч.Айтматовдун үй музейлерине экскурцияга алып барып саат 15:00дө Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде поэзия кечесин өткөрүү менен жыйынтыктайбыз. Иш-чаранын үчүнчү күнүн Кыргыз-Түрк-Манас университетинде адабиятчы О.Ибраимов менен жолугуушуу менен баштап И.Арабаев атындагы КМУда поэзия кечесин өткөрүп, кечинде эки чыгармачылык борбордун жаштарынын пикир алмашуусу, талкуу, алдыда биргелешип аткара турган пландарды бекитүү ж.б. маселелерди сүйлөшүү менен “Жигер” чыгармачылык борборунун Бишкек шаарына болгон чыгармачылык сапарын жыйынтыктайбыз.

Количество просмотров: 47