• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жигитти мамыга байлап жумуртка чаап, ун чачкан жарандар милицияга жеткирилди

18 Бирдин айы 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта тарап, талкуу жаратып жаткан жаштардын видеосу тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, окуя Бишкекте болгон.

«Видео тууралуу териштирүү жүрдү. Окуянын бардык катышуучулары милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тамаша оюн экен, туулган күн үчүн Тик-Токко видео тартышыптыр. Балдардын бири-бирине эч кандай доосу жок. Бул жорук боюнча топтолгон материалдар «майда бейбаштык» беренеси менен сотко өткөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тараган видеодо жигитти мамыга скотч менен байлап, башына сүт куюп, ун төгүп, жумуртка чаап жаткан топ балдарды көрүүгө болот.

Количество просмотров: 637