• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Жин чыгарган» молдо сексуалдык асылууга айыпталып, кармалды

31 Тогуздун айы 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

Хожентте “жин чыгаруу” үчүн кайрылган кардарга адепсиз мамиле жасаган молдо кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 68 жаштагы Абдували Набиев диний жана медициналык билими жок болсо да, «диний дарылоо» менен алектенген. Ал дем салуу жана массаж жасоо аркылуу “жиндерди кууп чыгып”, аялдарды “эмдеп” турган.

Быйыл 5-октябрда ага башы ооруган жергиликтүү тургун кайрылган. Молдо ага дем салып, андан соң “жин чыгаруу” сеансынан өтүүнү сунуштаган. Келин ага макул болуп, кайра келген. Молдо ага массаж жасап, аны менен катар сексуалдык мүнөздөгү башка уятсыз аракеттерди көрсөткөн.

Экинчи сессиядан кийин молдо аялга «дарылоону» үйүндө улантууну сунуштаган. Ал макул болгон, бирок батирди ижарага алып, ошол жакка полиция чакырган. Набиев белгиленген жерге келип, дем салууну баштаганда кармалган. Ал динге ишенгендердин сезимдерин кемсинткен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер үчүн айыпталууда. Молдо үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 5131