• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жээнбеков 1 жыл президент болду.Бабанов алыстан кайрылуу жасады

15 Тогуздун айы 2018 22:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.10.2018.Govori.TV.

Бүгүн 15 октябрь – президенттик шайлоо өткөнүнө бир жыл толду. Буга байланыштуу Өмүрбек Бабанов кайрылуу жасады.

«Мамлекет башчыбыз экинчи жолу шайлоонун негизинде алмашты. Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт, эл бийлигин – демократиябызды түптөөгө бул абдан маанилүү. Элимди дал ушул жетишкендик менен куттуктагым келет! Терең ыраазычылыгымды дагы бир жолу бүткүл элиме жана шайлоочуларыма билдиргим келет – 568 миң 665 мекендешим бардык кыйынчылыктарга карабай «Алдыга жол» үчүн бекем туруп берген!»,- дейт Бабанов.

Эске салсак, шайлоодон кийин эле Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, Кыргызстанга келе элек. 2017-жылы 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш жаза кодексинин «Конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо» жана «Улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал эми 13-ноябрь күнү Өмүрбек Бабанов өз ыктыяры менен фракциянын лидерлигинен кеткен.

Количество просмотров: 29