• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жээнбеков: Атамбаевди узурпация боюнча камаса болот

22 Тогуздун айы 2018 10:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди узурпация боюнча камаса болот. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, Атамбаев бардык мамлекеттик институттардын ролун жок кылып анын ордун өзүнө алып алган. Бул оор кылмыш болуп эсептелет. Бирок азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өзү да узурпация кылып алган.
Жээнбеков да Атамбаедин жолун толугу менен кайра баштап, парламент, өкмөт жана сотторду чөнтөгүнө салып алган. Бул Кыргызстан үчүн абдан коркунучтуу жол болуп эсептелет.
«Биринчиден, Атамбаевди камоого Орусия жол бербейт. Орусия үчүн экс-президентти каматуу жаман үлгү. Менин оюмда аталган өлкө Атамбаевге жашыруун коопсуздук берген. Мындан сырткары, аны камоо президент үчүн оор. Бүгүнкү бийликтин түбү, негизи Атамбаев болуп саналат. Анткени Жээнбековду өлкө башчы кылган Атамбаев болуп эсептелет. Ошондуктан аны камоо маралдык жактан бүгүнкү президенттин бийлигин толугу менен жокко чыгарып ташташы мүмкүн. Бул себептен азыркы бийлик Атамбаевди камай албайт», — дейт Жээнеков.
Ал белгилегендей, дүйнөлүк практикада президенттерди 4 негизде камашат. Бир дагы мамлекет өлкө башчыга кылмыштан алдын ала кепилдик бербейт. Алар — геноцид, системалуу түрдө адам укугун бузуу, коррупция жана узурпация.
Булак: «Марал» радиосу
Количество просмотров: 23