• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү боюнча пландаштырылган иштер жүрүп жатат

14 Теке 2022 16:55 Бишкек Govori.TV

Азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшү боюнча өз убагында жана пландаштырылган иштер жүрүп жатат. Россия Федерациясынан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү, көмүргө, кумшекерге жана өсүмдүк майына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди, ун комбинаттары кошумча нарк салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулду. Бул Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө билдирди.    

Анын айтымында, Казакстан Республикасын кошпогондо, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу орточо жана туруктуу.    

«Биз ири дистрибьюторлор жана нефтетрейдерлер менен тыгыз кызматташабыз. Ички рынокто бааларды колдоо үчүн үч айга (июль, август, сентябрь) бензин жана дизелдик күйүүчү майларды алымсыз ташып келүүнүн көлөмүн 40 миң тоннадан 60 миң тоннага чейин жогорулатуу боюнча келишим түзүлдү», — деди ал. Акылбек Жапаров ошондой эле азык-түлүк товарларына баалардын жогорулашынын себептерине токтолду.    

Жапаров ички рынок импорттук товарлардан көз каранды экенин кошумчалады.

«Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын кымбатташы бизге да таасирин тийгизүүдө. Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 млрд сом бөлдүк. Бир катар керектелүүчү товарлар кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 1 млрд 450 млн сомго жакын каражат түшпөй калды», — деп белгиледи Акылбек Жапаров .

Количество просмотров: 558