• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков кинематографисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады

17 Жетинин айы 2018 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.11.2018.Govori.TV.

Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков кинематографисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз киночуларынын жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына таасир берип, дүйнөлүк коомчулук учурунда улуттук киного “кыргыз керемети“ деп баа бергенин белгиледи. Президент улуттук кинематографиянын калыптанышы, өнүгүшү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта экенин айтты.

Бишкектеги кино тармагындагы инсандар катышкан ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Мындан сырткары “Ала-Тоо“ кинотеатрынын 80 жылдыгы дагы белгиленүүдө. Кыргызстандын тунгуч кинотеатры Бишкектеги тарыхый архитектуралык имарат да болуп саналат

Количество просмотров: 25